Боом капчыгайында унаа кыймылына чектөө киргизилет

14-ноябрдан 19-ноябрга чейин Боом капчыгайында унаа кыймылына чектөө киргизилет. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирди.

Жолчулар трассанын бир бөлүгүнө асфальт төшөтүшөт. Бишкек-Балыкчы-Нарын-Торугарт (Боом капчыгайы) унаа жолу менен жүрүү каршы тилкеде жүргүзүлөт.