Акыйкатчы ЖМК мыйзамы боюнча Венеция комиссиясына кайрылат

Кыргызстандын Акыйкатчысы Венеция комиссиясына президенттик аппарат тарабынан даярдалган “Массалык маалымат каражаттары жөнүндө” мыйзам долбооруна корутунду берүү өтүнүчү менен кайрылат.

Акыйкатчы институтунун кеңсеси кайрылуу жакынкы күндөрү жөнөтүлөрүн тактады. Азыр англис тилине которулуп жатат.

Буга чейин Кыргызстандын Юстиция министрлиги президенттин администрациясы иштеп чыккан “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” мыйзамдын долбооруна терс корутунду берген.

“Адилет” укуктук клиникасынын юристтери мыйзам долбоорун талдап чыгып, анда адам укуктарынын сөз эркиндигинин кепилдиктеринен мыйзамсыз жана жол берилгис четтөөлөр боюнча олуттуу тобокелдиктер бар экенин баса белгилешти. Өзүнчө жоболор көз карандысыз маалымат каражаттарынын жана журналисттердин, анын ичинде чет элдик маалымат каражаттарынын ишмердүүлүгүнө коркунуч келтирет.