30-августта Бишкектин борборунда футболдук беттешке байланыштуу көчөлөр жабылат

Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 30-августта Бишкектин борборунда футбол боюнча “Барселона легендалары” жана “Азия легендалары” командаларынын беттешине байланыштуу унаа каражаттарынын кыймылына, саат 14.00дөн баштап оюн аяктаганга чейин убактылуу чектөөлөр төмөнкү көчөлөрдө киргизилет.


Тоголок Молдо көчөсү, Чүй простпектисинен Фрунзе көчөсүнө чейинки бөлүгү;
Фрунзе көчөсү, Манас простпектисинен Панфилов көчөсүнө чейинки бөлүгү.
“Урматтуу унаа сүйүүчүлөр! Бишкек шаардык Милициянын кайгуул кызматы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана маршрутту алдын ала тандап алууну суранат”, – деп айтылат маалыматта.