Канат Исаев: Элим, намысыңарга келгиле! Кемпир-Абадды сактап калалы!

Мурдагы депутат Канат Исаев кыргыз элине абактан кайрылуу жасады. Ал өз кайрылуусунда өлкөдө саясий куугунтук күч алганын белгилеген.

“Урматтуу Кыргызстандыктар!

Бүгүн биздин өлкөдө болуп көрбөгөндөй саясий куугунтук күч алды. Кечээ күнү “Кемпир Абадды” коргоо комитетине кирсек, бүгүн баардыгын камап жатышат. Жерибиз үчүн камалуудан коркпойбуз. Жерибиз үчүн жаныбызды бергенге даярбыз.

Ак ийилет-бирок сынбайт. Элим, намысыңарга келгиле! Кемпир Абадды сактап калалы! Бул биздин ыйык милдет! Кайдыгер болсок урпактар кечирбейт, Кудай кечирбейт! Күч бирдикте!

Урматым менен, Канатбек Исаев”, деп жазылат кайрылууда.

Эскерте кетсек, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Канат Исаев 240октябрда Биринчи май райондук сотунун чечими менен бир айга камакка алынган.