Канат Исаевдин абактагы мөөнөтү дагы бир айга узарды

Биринчи май райондук соту 21-ноябрда Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, саясатчы Канат Исаевдин тергөө абагындагы мөөнөтүн дагы бир айга узартты.

«2022-жылдын 21-ноябрындагы токтомуна ылайык, И.К.Кга карата мурда тандалган Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тергөө изоляторуна камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасынын мөөнөтү 2022-жылдын 23-декабрь күнүнө чейин узартылды»,-деп айтылат маалыматта.

Бишкек шаардык соту 10-ноябрда Исаевдин бөгөт чарасын карап, райондук соттун чечимин күчүндө калтырган. Сот жараяны жабык болгон жана анын алдында Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) Исаевге козголгон кылмыш ишинде «жашыруун» деген гриф бар экенин маалымдаган, бирок анын чоо-жайын тактаган эмес.

Канат Исаев Кемпир-Абад ишине байланыштуу саясатчы жана активисттер менен катар 23-октябрда кармалган. Биринчи май райондук соту ал 2017-жылы козголгон кылмыш ишинин алкагында убактылуу кармоочу жайга камалганын, тергөө абагында 23-ноябрга чейин болорун билдирген. Сот УКМК тергөөчүсүнүн өтүнүчү менен Исаевдин 2018-жылдын октябрында тандалган эч жакка чыкпоо тууралуу жазуу түрүндөгү бөгөт чарасын өзгөрткөн.