Сот Канат Исаевди камакта калтырды

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Канатбек Исаев камакта калтырылды. Бул тууралуу Бишкек шаардык сотунан билдиришти.

Маалыматка караганда, соттук отурум бүгүн, 5-декабрда өтүп, шаардык сот райондук соттун чечимин өзгөртүүсүз калтырган. Ага ылайык Канат Исаев 23-декабрга чейин УКМКнын тергөө абагында камакта болот.

Эскерте кетсек, Канат Исаев быйыл 23-октябрда кармалган. УКМК Биринчи май райондук сотуна келтирген өтүнүч боюнча Исаевдин 2018-жылдын 1-октябрындагы эч жакка кетпөө түрүндөгү баш коргоо чарасы өзгөртүлүп, ал 23-ноябрга чейин УКМКнын тергөө абагына камакка алынган. Андан кийин анын камактагы мөөнөтү 23-декабрга чейин узартылган.

Канат Исаев 2017-жылдагы президенттик шайлоо алдында «бийликти басып алууга» шектелип кармалып, дээрлик бир жылдан кийин камактан чыккан.