Ассоль Молдокматованын аккаунттары хакердик чабуулга кабылды

Ассоль Молдокматованын социалдык тармактардагы баракчалары актер Азиз Мурадиллаевди сактап калуу үчүн президент Садыр Жапаров каражат бөлгөндүгү тууралуу билдирүүдөн кийин хакердик чабуулга кабылган. Бул тууралуу теле алып баруучу, коомдук ишмер өзү бүгүн, 5-декабрда маалымат жыйынында билдирди.

“Социалдык тармактагы аккаунттарымды түндө бузуп кетишти. Бул эмне менен байланышы бар экенин билбейм. Балким президент тууралуу пост жазгандыктан… Эртең менен саат 5те туруп, баракчаларымда башкарууну жоготуп алганымды көргөнүм өкүнүчтүү болду. Бир гана Instagram баракчам калган”,-деп түшүндүрдү Молдокматова.

Ал актер Азиз Мурадиллаевге жардам көрсөткөн кыргызстандыктарга ыраазычылык билдирди.