«Кыргызстан коммерциялык банктын» кардарлары бүгүн онлайн тиркемелери жана терминалдары иштебей калды

Бүгүн соцтармакта «Кыргызстан коммерциялык банктын» кардарлары бүгүн онлайн тиркемелери жана терминалдары иштебей жатканын айтып чыгышты.

Ага карата аталган банк маалымат берип, 24-августтан 25-августка караган түнү пландаштырылган техникалык иштер аткарылганын, ал боюнча банктын www.cbk.kg расмий сайтында 22-августта кабарланганын билдирди.

Ошол эле учурда учурда болуп жаткан мүчулуштүктөр орусиялык Right Line компаниясына болгон хакердик чабуулуна эч кандай тиешеси жок экендигин кошумчалаган.

Банк учурда POS-терминалдары, МБАНК жана банкоматтардын убактылуу иштебей жатканыдыгын белгилеп, жакынкы аралыкта бардык кызматтар калыбына келтириле тургандыгын билдирген.

Буга чейин, интернетте украиналык хакерлер Орусиядагы жана КМШдагы эң ири онлайн-банкинг программаны камсыздоочу Right Lineга чабуул жасагандыгы тууралуу маалымат тараган. Ошол эле учурда чабуулга кабылган банктардын тизмеси жарыяланган. Алардын катарында «Кыргызстан коммерциялык банкы» жана FINCA Банк болгон.