Көп кабаттуу үйдүн терезесинен тапанча аткан жаран кармалды

Ош ШИИБи: Көп кабаттуу үйдүн терезесинен тапанча аткан жаран кармалды

2022-жылдын 23-август күнү айрым интернет булактарында белгисиз жарандын көп кабаттуу үйдүн ачык турган терезеси аркылуу тапанча аткан кыскача видеосу жарык көргөн. Ал баланын өздүгүн жана кайсы жерден аткандыгын аныктоо боюнча Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын жетекчилиги тарабынан ыкчам кызматкерлерге тапшырма берилген.

WhatsApp Image 2022 08 25 at 12.31.00 1 Көп кабаттуу үйдүн терезесинен тапанча аткан жаран кармалды


Натыйжада, Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын Сулайман-Тоо милиция бөлүмүнүн ыкчам кызматкерлери тарабынан ал баланын өздүгү аныкталып, бүгүн 25-августта милиция бөлүмүнө алынып келинди. Ал Ош облусунун Кара-Суу районунун 2001-жылы туулган тургуну, туруктуу иштеген жери жок А.уулу Б. болуп чыкты.


«Быйыл январь айынын аяктарында Ош шаарындагы ХБК (Манас-Ата кичи району) тараптан көп кабаттуу үйдөн бир батирди суткага алып, досторум менен көңүл ачып отурганбыз. Мас элем. Анан менин жанымда сигналдык тапанча бар эле. Ошону алып терезеден аттым. Анан ал видеону 23-августта инстаграм баракчама жүктөгөн элем. Ал жерден башка адамдар алып таратып жиберишиптир. Туура эмес кылдым. Кечирим сурайм»,-деп ал өзүнүн көрсөтмөсүндө билдирди. Ал эми сигналдык тапанчаны Бишкек шаарынан мергенчилердин атайын дүкөнүнөн сатып алгандыгын, сатып алуу үчүн эч кандай уруксат кагаздын кереги жок экендигин билдирген.
Учурда далил буюм катары тапанча алынды, ал эми кармалган жаран А.уулу Б.нын аракеттерине юридикалык баа берүү үчүн тергөө кызматына өткөрүлүп берилди.
Видеодо: 1. Тапанча аткан жаран;


2. Кармалгандан кийинки көрсөтмөсү.