Бишкекте мектеп окуучулары 2 күн онлайн режимде окушат

Бүгүн, 26-январда эртең мененки сменде окуган окуучулар кадимки режимде окуйт, ал эми түштөн кийин окугандар жана эртең, 27-январда бардык мектеп окуучулары онлайн режимде окушат. Бишкек ШИИБдин катында белгиленгендей, 26-27-январда борбордук жолдор жарым-жартылай жабылат.

Окуучулардын коопсуздугун камсыз кылуу жана балдардын караңгыда калышына жол бербөө максатында дал ушундай графикке өткөрүлөт.

Буга чейин Кыргызстанга Өзбекстандын президентинин келери маалым болгон.