Айдарова: ИИМдин кызматкерлери үчүн турак жайдан бир дагы кызматкер үй алалбай жатат

Жогорку Кеңешинин бүгүн, 26-январындагы жыйынында депутат Айгүл Айдарова ИИМдин кызматкерлери үчүн салынып жаткан батирден, бир дагы ардагер кызматкер же учурдагы кызмат өтөгөн кызматкерлер дагы үй алалбай жаткандыгын сынга алды.

ajdarova Айдарова: ИИМдин кызматкерлери үчүн турак жайдан бир дагы кызматкер үй алалбай жатат

“Атайын тескеме да чыккан, Бишкектеги Калык Акиев көчөсүндө салынып жаткан 5 кабаттуу турак жай ИИМдин кызматкерлерине атайын салынып жатат. Бирок ИИМдин ардагерлери, керек болсо учурда иштеп жаткандар да ала албай жатышат. Себеби ардагерлердин алган пенсиясы аз. Бул жагдайга байланыштуу президент Садыр Жапаровго да кайрылам”, – дейт депутат.