Бажы төлөмдөрүн онлайн төлөөгө шарт түзүлдү

Бажы төлөмдөрүн эми онлайн төлөсө болот. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бажы кызматынын ишмердүүлүгүн санариптештирүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында «РСК Банк» ААК менен биргеликте бажы төлөмдөрүн реалдуу убакытта накталай эмес жол менен төлөө ишке киргизилди.

Жаңы төлөм ыкмасы тышкы экономикалык ишмердиктин катышуучуларына бажы төлөмдөрүн “РСК Банк” ААКтын интернет-банкинги аркылуу төлөөгө мүмкүндүк берет жана ошол эле учурда бажы төлөмдөрү Мамлекеттик бажы кызматынын системасында дароо көрсөтүлөт, бул бажы төлөмдөрүн төлөө жол-жобосун жеңилдетет жана бажылык тариздөө процессин тездетет.

Ошондой эле бүгүнкү күндө башка коммерциялык банктар менен дагы накталай эмес ыкма менен реалдуу убакыт режиминде бажы төлөмдөрүн төлөөнү киргизүү боюнча иштер жүргүзүлүүдө.