Таластын эки районунда 3 тоннага жакын жапайы кара курай өсүмдүктөр жок кылынды

Бул тууралуу облустук милиция маалымдады.

Маалыматта, Талас РИИБдин жана Манас РИИБдин кызматкерлери айыл чарба башкармалыгы, чек ара кызматы жана Талас областынын прокуратурасы менен биргеликте, айыл аймактарында жапайы өскөн кара куурай өсүмдүктөрдү жок кылуу иш-чарасын өткөрүшкөнү айтылат.


“Манас районунун аймагында 1,6 тонна, ал эми Талас районунун 1,5 тонна, жалпы 2 га кара-курай өсүмдүгү өрттөлүп жок кылынган. Жыл башынан областтын аймагында баңгизаттарга байланышкан 22 факт аныкталып, 8 фактынын бети ачылган. Азыркы учурда областтын бардык бөлүмдөрүндө жана аймактарда баңги заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү багытында иштер жүргүзүлүп жатат”, – деп айтылат маалыматта.

6da926d3 3707 49df af6f 7f5632e1d5f6 Таластын эки районунда 3 тоннага жакын жапайы кара курай өсүмдүктөр жок кылынды
8af82589 34c8 4c21 bf90 5b8b75f6b352 Таластын эки районунда 3 тоннага жакын жапайы кара курай өсүмдүктөр жок кылынды
b8dfcf8d 4826 4e33 81be 1de25f327a98 Таластын эки районунда 3 тоннага жакын жапайы кара курай өсүмдүктөр жок кылынды