Биринчи май райондук күзөт кызматкери Азия чемпионатында мас-рестлинг боюнча 3-орунга ээ болду

Кыргыз Республикасынын ИИМдин Күзөт кызматынын Бишкек шаарынын Биринчи май райондук күзөт бөлүмүнүн милиция батальонунун милиционери милициянын старшинасы Эржан Акылбек уулу Азия чемпионатында таяк-тартыш (Мас-рестлинг) боюнча 2023-жылдын 16-18-июнь күндөрү Монголия мамлекетинин Улан-Батор шаарында 8 өлкөнүн катышуусунда өткөн мелдешинде 3-орун коло медалына ээ болду.

Бул тууралуу ИИМдин Күзөт кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу дене тарбия жана спорт департаменти тарабынан өткөрүлгөн Ысык-Көл облусунун Корумду айылында VII Эл аралык “Кыргызстан бермети” аталышындагы спорттук фестивалында таяк-тартыш (Мас-рестлинг) боюнча милициянын старшинасы Эржан Акылбек уулу (105) кг салмагында 1-орун алтын медалына ээ болду.


Бишкек шаарынын Биринчи май райондук күзөт бөлүмүнүн башчысы милициянын подполковниги Сагынбек Орозалиев эртен мененки нускама учурунда Эржан Акылбек уулун куттуктап, белектерди тапшырды.

8e6a1664 ef91 439e 908f afd27b317672 Биринчи май райондук күзөт кызматкери Азия чемпионатында мас-рестлинг боюнча 3-орунга ээ болду