Улан Ниязбеков: ИИОнун ар бир жетекчиси арыз-даттанууларын жеринде кабыл алууга милдеттүү

2022-жылдын 5-декабрь күнү ички иштер министри Улан Ниязбеков ички иштер органдарынын жетекчилерине республиканын аймагында коомдук тартипти сактоо, жарандардын коопсуздугун камсыздоо, коомдук-саясий абалга терс таасирин тийгизген учурларга бөгөт коюу жана жол кыймылынын коопсуздугунун абалы боюнча онлайн кеңешме өткөрдү.


Анда ИИМ башчысы Улан Ниязбеков мамлекеттин ички коопсуздугуна терс таасирин тийгизген коркунучтарды алдын ала аныктоо, өз учурунда бөгөт коюу, коомдук тартипти сактоодо кандай гана көйгөйлөр болбосун тынч жана укуктук негизде чечүү, эң башкысы, окуялардын кесепеттери менен иш алып барбастан, аларды алдын алуу чараларын күчөтүү керектигин тапшырды.


“Ар бир жетекчи өзү жооптуу болгон аймакта демилге көтөрүп, айыл өкмөттөр, айыл башчылары, акимдер, социалдык бөлүмдөр, монополия, салык кызматтары жана башка жооптуу мамлекеттик органдар менен бирге “Коомдук күн” иш-чарасын жүргүзүңүздөр. Анын негизги максаты – аталган жооптуу органдардын өкүлдөрү менен бирге алдын ала сүйлөшүп, график түзүп, айыл-шаар жана райондорду кыдырып, коомчулук арасында орун алган орчундуу көйгөйлөрдү угуп, жеринде чечүү болуп эсептелет.


Элдин арыз-даттанууларын угуп, ошол жерден чечүү, коомчулуктун нааразычылыгы эмес, ыраазычылыгын ала тургандай милдеттерди аткарыңыздар деп жылдын башынан бери айтып келе жатабыз. Бирок, дагы деле иш-чаралар жетишсиз болууда. Өзү тейлеген аймакка жетекчи болуп дайындалгандан бери, 1 же 2 жолу гана элге жолугуп, андан ары иш алып барбаган жетекчилер жок эмес. Өз ишине салкын мамиле жасаган, элдин көйгөйүн угуудан качкан, тапшырмаларды аткарбаган жетекчилерге карата катуу чаралар көрүлө тургандыгын дагы бир жолу эскертем. Андыктан, азыртадан баштап, өз алдынча аракеттерди уюштуруп, ишмердикти күчөтүңүздөр”,-деди министр.


Ички иштер министри онлайн кеңешмеге катышкан ички иштер органдарынын жетекчилерине элдин коомдук-турмуш тиричилиги өз нугунда калыптануусун камсыздап, элге жат көрүнгөн резонанс жараткан кылмыштарды, коомчулуктун тынчын алган окуяларды болтурбоонун алкагында иш алып баруу – бүгүнкү күндүн талабы экендигин дагы бир ирет эскертти.
Андан сырткары, Улан Ниязбеков тарабынан милициянын көчмө кабылдамаларынын негизги мааниси элге ачык айкын жана сапаттуу тейлөө көрсөтүү экендиги айтылып, элге жолугушууга чыгып жаткан кызматкерлерге сапаттуу нускамалар өткөрүлүп, сылыктык, ийкемдүүлүк, сабырдуулук, так жана туура иш алып баруу талаптары коюлду.
Ошондой эле, ички иштер министри Улан Ниязбеков 2022-жылды ийгиликтүү жабуу боюнча негизги 3 багытта иш-чараларды жүргүзүүнү тапшырды.
Биринчи багыт: Быйылкы жылы жана мурдагы жылдары катталган кылмыштардын бетин ачуу боюнча ыкчам иликтөө иш-чаралары күчөтүлгөн тартипте жүргүзүлсүн. Көрсөткүчтөрдү формалдуу түрдө жогорулатуу боюнча ар түрдүү жасалмачылыктарга жана бурмалоолорго жол берилбесин.
Жер-жердеги прокуратура органдары менен көрсөткүчтөр такталып, отчёттук сандардын негизсиз төмөндөп кетүүсүнө жол берилбесин. Бул багытты – шаардык-облустук ички иштер башкармалыктарынын жетекчилери жеке көзөмөлгө алыңыздар;
Экинчи багыт: Коомдук коопсуздукту камсыздоо, эл арасында резонанс жараткан кылмыштарды, окуяларды алдын алуу жана жарандарга сервистик тейлөө чаралары жакшыртылсын;
Үчүнчү багыт: Жол кыймылынын коопсуздугун жогорку деңгээлде камсыздоо чаралары колго алынсын. Анын ичинде, адам өлүмү менен коштолгон жол кырсыктарын алдын алуу, унаа кырсыктарынын келип чыгуу себептерин алдын ала тактап, тиешелүү мамлекеттик органдар менен бирге таасирдүү коопсуздук чаралары ишке ашырылсын.
“Шаардык, облустук, райондук ички иштер башкы башкармалыктарынын, башкармалыктарынын жана бөлүмдөрүнүн жетекчилери аталган багыттар боюнча жеринде тиешелүү иштерди алып барышсын.
Бүгүнкү кеңешмеде каралган маселелердин алкагында берилген тапшырмаларды так аткарып, кемчиликтерди жоюп, сын-пикирлерди жана көйгөйлөрдү жеринде чечүүгө карата аракеттерди көрөсүздөр деп ишенем”,-деп сөзүн жыйынтыктады Улан Ниязбеков.
Онлайн режиминде өткөн кеңешменин ишине министрдин орун басарлары, ИИМдин Борбордук аппаратынын тиешелүү кызматтарынын, Баткен, Ош, Жалал-Абад, Нарын, Ысык-Көл, Талас, Чүй облустарынын, Бишкек жана Ош шаарларынын ички иштер башкы башкармалыктарынын, башкы башкармалыктарынын жетекчилери катышты.

ИИМдин Басма сөз кызматы