Сот Равшан Жээнбековду камакта калтырды

Бүгүн, 26-декабрда Бишкек шаардык сотунда саясатчы Равшан Жээнбековдун баш коргоо чарасы каралды. Шаардык сот Жээнбековду 20-февралга чейин камакта калтыруу боюнча райондук соттун чечимин күчүндө калтырды.

Ал эми саясатчы Равшан Жээнбеков соттун чечими адилетсиз болуп жатканын белгилеп төмөндөгүлөргө токтолду.

«Ачкачылык кармап жатканыбызга 16 күн болду. Саясий куугунтук токтосун, сөз эркиндигине басым болбосун деген максатта ачкачылык жарыяладык. Бир дагы бийликтин тушунда 70 жаштагы апаны, үч балалуу эненин камаган учур болгон эмес. Ачкачылык кармоону улантабызбы же токтотобузбу соттун чечимине жараша болот», — деди ал.