Бишкек ШИИБи Нарматованын арызына жооп берди

3-ноябрда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Орозайым Нарматованын арызына жооп берди.

Буга чейин ал укук коргоочуларга борбор калаанын милиция кызматкерлери тарабынан ага карата «адамгерчиликсиз мамилеси» тууралуу айтып берген.

Басма сөз кызматы билдиргендей, Нарматов КР Кылмыш-жаза кодексинин 36-278-беренеси («Массалык баш аламандыктарды даярдоо») боюнча шектелүүдө. Бишкек ШИИББи кармалган жарандын укугу бузулбаганын белгиледи.