Эсин жоготуп жыгылган Орозайым Нарматова диагностикалык борборго жеткирилди

Буга чейин абакта ачкачылык жарыялаган Орозайым Нарматова бүгүн, 20-декабрь күнү эсин жоготуп жыгылган.

Бул тууралуу жактоочу Гуляна Убалиева билдирди.

«Азыркы тапта Нарматова Бишкектеги диагностикалык борборлордун биринде медициналык текшерүүдөн өтүп жатат. Анын жүрөгүнүн согушу тездеп, энтигип жатат»,-деди адвокат.

Эксперт Бермет Барыктабасова көз карандысыз дарыгер катары тергөө абагына кирип чыкканын, ачкачылык кармап жаткан Перизат Суранованын да абалы начар экенин, ооруканага жаткырууну суранып жатканын Фейсбуктагы баракчасына жазды.