Камчыбек Ташиев Дайырбектин Индиядагы операциясын каржылайт

УКМК төрагасы генерал-лейтенант Камчыбек Ташиев дарыланууга муктаж Маматкалиев Дайырбек Кыялбековичке жардам көрсөтөт.

УКМКнын басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, 20-декабрда Ташиев курч лимфобластикалык лейкоз деген диагноз менен ооруган Дайырбектин ата-энеси менен жолугушту.

«Дарылоо процедураларына каражаттын жетишсиздигинен улам Д.Маматкалыевдин ата-энеси УКМК башчысына жардам сурап кайрылышкан. Жолугушуунун жыйынтыгында Ташиев УКМК Маматкалыевдин Индиянын “Фортис” клиникасында текшерүүсүн жана операциясын каржылоого көмөктөшөрүн белгиледи», — деп жазылат маалыматта.

320923894 453672473449376 901505710766187850 n 825x452 1 Камчыбек Ташиев Дайырбектин Индиядагы операциясын каржылайт