Төрөхан Жунусбеков Атамбаевди жана маалымат агенттигин сотко берди

image 30 17 Төрөхан Жунусбеков Атамбаевди жана маалымат агенттигин сотко берди

Аза кызматын көрсөтүү агенттигинин директору Төрөхан Жунусбеков Бишкек шаардык кеңештин депутаты Кадырбек Атамбаевди жана журналисттерди сотко берди. Бул тууралуу ал соцтармак аркылуу билдирди.

Маалыматка ылайык, Кадырбек Атамбаев жана маалымат сайттарынын бири аны негизсиз каралап, каралоону улантууда. 19-декабрда чиновник ар-намысын жана кадыр-баркын коргоо жана моралдык зыяндын ордун толтуруу өтүнүчү менен Биринчи Май райондук сотуна кайрылган.