Бишкекте бир катар маданият кызматкерлери сыйланды

Бүгүн, 2-ноябрда Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги маданият тармагында эмгектенген бир катар кызматкерлерди ведомстволук сыйлыктар менен сыйлады.Бул тууралуу аталган ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, сыйлык тапшыруу аземи Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутовдун катышуусунда өтүп, анда аталган тармакта күжүрмөн иштеп келе жаткан борбордогу жана аймактардагы бир катар маданият кызматкерлери сыйланды.