Ийгилик жараткан 60 жаранга Чыңгыз Айтматов атындагы медал ыйгарылды

Кыргызстанда түрдүү тармактарда иштеген 60 жаранга Чыңгыз Айтматов атындагы медал ыйгарылды.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен кабарлашкандай, тапшыруу аземи 10-июнда Бишкекте Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында болду.

Сыйлыктар маданият, билим берүү, илим, адабият жана искусстводо ийгилик жараткандарга, улуттар аралык маданиятты, тынчтыкты чыңдоого, достук жана руханий байланыштарды өнүктүрүүгө салым кошкондорго берилди.

Сыйлыктарды Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов, жазуучу Чыңгыз Айтматовдун карындашы Роза Айтматова, уулу Аскар Айтматов, режиссёр, сценарист жана Кыргыз Республикасынын эл артисти Геннадий Базаров жана башкалар тапшырышты.