Кыргызстан Сербиядан жеңишке жеткен балбандарын тосуп алды

Сербиядагы грек-рим күрөшү боюнча дүйнө чемпионатынын жеңүүчүлөрү жана катышуучулар Бишкекке учуп келди.

Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча курама командасын жана машыктыруучуларды “Манас” эл аралык аэропортунан министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов, балбандардын тууган-жакындары, күйөрман-колдоочулар салтанаттуу тосуп алышты.

Эскерте кетсек, 13-сентябрда Сербияда грек-рим күрөшү боюнча мелдештер толук аяктаган. Күрөштүн бул түрүнөн Кыргызстандын куржунуна үч медаль топтолду. Чемпионаттын алгачкы күнүндө Акжол Махмудов (77 кг) алтын утса, экинчи күнүнө Амантур Исмаилов (67 кг) коло жеңди. Ал эми Жоламан Шаршенбеков (60 кг) үчүнчү, жыйынтыктоочу күндө өз өлкөсү үчүн дагы бир алтын байгени алып келди.