N9 мектептин окуучусу 2-кабаттагы терезеден секирип кетти

Бишкек шаарында N9 мектептин окуучусу терезеден секирип кеткен, деп жазат Кактус.медиа мектеп окуучуларынын ата-энелерине шилтеме менен.


“Балдар анын терезеден секиргенин көрүп, баары чуркап, дүрбөлөңгө түшүштү. Кыздын электрондук тамекиси бар экени аныкталды. Ал бул тууралуу ата-энеси билсе деп коркуп, экинчи кабаттан секирди”, – деди ата-энелер.

Окуя болгон жерге Тез жардам келди. Алдын ала маалыматтарга ылайык, кыздын буту сынган, эки тиш жана жаагы сынган.