Баткенде милиция кызматкерлери коомдук коопсуздукту камсыздашууда

Баткен облусунун аймагында милиция кызматкерлери коомдук коопсуздукту камсыздашууда

Баткен облусунда милиция кызматкерлери жарандардын укук бузууларды жасоосуна жол бербөө жана коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыздоо боюнча чараларды көрүүдө.
Баткен облусунун шаарларында, калктуу конуштарда, айыл-кыштактарда коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыздоо боюнча 2022-жылдын 5-сентябрынан 5-октябрына чейин милиция кызматкерлеринин түнкү жана күндүзгү кайгуул багыттары түзүлгөн.


Милиция кызматкерлерине өткөн таңкы нускамаларда кызматтык тартипти сактоо эрежелери жана жарандар менен сылык мамиледе болуулары эскертилип жатат. Ошондой эле, кошумча күч катары тартылган ИИО кызматкерлери ШРИИБдин тажрыйбалуу жана офицердик курамдагы кызматкерлер менен бөлүштүрүлүп, аларга милдеттери, кызмат өтөө тартиби жана өзгөчөлүктөрү жеткирилди.


Ошондой эле, Баткен облусунун милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөшүп, Баткен районунун жергиликтүү тургундарынын коопсуздугун камсыздоо максатында жеринде иш алып барып, түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатышат.
Ушуну менен бирге Баткен облусу боюнча ЖКККБ кызматкерлери жеринде жол кыймылынын коопсуздугун, унаалардын үзгүлтүксүз каттамын камсыздоодо.
Учурда Баткен облусунун аймагында жалпысынан абал туруктуу.

WhatsApp Image 2022 09 15 at 07.53.02 2 Баткенде милиция кызматкерлери коомдук коопсуздукту камсыздашууда
WhatsApp Image 2022 09 15 at 07.53.03 Баткенде милиция кызматкерлери коомдук коопсуздукту камсыздашууда
WhatsApp Image 2022 09 15 at 07.53.01 Баткенде милиция кызматкерлери коомдук коопсуздукту камсыздашууда
WhatsApp Image 2022 09 15 at 07.53.02 1 Баткенде милиция кызматкерлери коомдук коопсуздукту камсыздашууда
WhatsApp Image 2022 09 15 at 07.53.02 Баткенде милиция кызматкерлери коомдук коопсуздукту камсыздашууда

Баткен ОИИБдин Басма сөз кызматы