Камчыбек Ташиевге тиешелүү унаа каршы тилкеге чыгып, скутер айдаган кишини сүзүп кеткен

Фейсбук социалдык тармагында УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге тиешелүү делген Toyota Land Cruiser 300 унаасы аэропорт жолунда бара жаткан сүрөт, видео жарыяланды.

Интернет колдонуучусу Хамидулло Узаковдун айтымында, унаа каршы тилкеге чыгып, скутер айдаган кишини сүзүп кеткен.

«Скутердеги кишинин абалы жакшы эле болчу, ооруканага алып барабыз деп жатышкан»,-деп айтылат маалыматта.

Бул боюнча Кайгуул кызматына байланышканыбызда аталган факты боюнча нөөмөт бөлүмүнө маалымат түшпөгөнүн билдиришти.

«Интернетке жарыяланган маалымат боюнча жерине кызматкерлер барышкан. Бирок маалымат такталган жок»,-деп айтылат маалыматта.

306093073 1745141272513581 2932518533547533671 n 876x1536 1 1 Камчыбек Ташиевге тиешелүү унаа каршы тилкеге чыгып, скутер айдаган кишини сүзүп кеткен