Бул эмне деген «итчилик»: Бүбүсара Бейшеналиеванын сүрөтүнө «Улуу инсан Таттыбүбү Турсунбаева» деп жазылып калган

Социалдык тармактын колдонуучусу Асыран Айдаралиев туура эмес илинген сүрөттү тартып алган.

Анда белгилүү кыргызстандын биринчи балеринасы болгон Бүбүсара Бейшеналиеванын сүрөтүн коюп, ага «Улуу инсан Таттыбүбү Турсунбаева» деп жазып койгонун сындаган. Аталган сурөт кайсы жерде жана качан тартылганы белгисиз.

image 5 1024x461 1 Бул эмне деген «итчилик»: Бүбүсара Бейшеналиеванын сүрөтүнө «Улуу инсан Таттыбүбү Турсунбаева» деп жазылып калган

«Ушул анча чоң эмес сүрөттү бир адам жасап, жазып, дайардап, анан момундай бийик жерге илбесе керек. Бул ишти аткарганы үчүн жок эле дегенде 4-5 макоо кыйратып салдык деп акысын да алса керек. Андан дагы, сүрөттү илип жатканда ары-бери өткөндөр, көргөндөр, жанында карап тургандар деле болсо керек..

Айтууга туура келди, кантип айтпай, ачууң келбейт. Эми ошолордун баары, башынан аягына чейин аралашып (береги атактуу эжекебиздин сүрөтүн көргөндөрдү айтам) жүргөндөр Таттыбүбү менен Бүбүсараны ажыратып, таанып биле албагандан кийин кайсы арыңарга кыргызбыз, ал гана эмес, орой эле айтайын, «адамбыз» деп басып жүрөсүңөр? Э кокуй кошок, бул эмне деген «итчилик», эгер билбесеңер, мээңер жетпесе сураштырып, билип-тактап туруп анан деле илбейт белеңер, артыңардан жоо кууп келе жатпаган соң. Айбан болбосоңор тезирээк алып салгыла, же оңдоп жазып койгула!», — деп жазган ал.