Чек ара жаңжалынан 11 жаштагы бала жабыркап, ооруканага түштү

Кыргыз-тажик чек арасындагы чырдан 11 жаштагы бала жабыркап, ооруканага түштү. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 14-сентябрь саат 21:00гө карата Лейлек райондук дарыгерлердин жалпы практика борборуна чек арадагы окуядан жабыркаган дагы бир жай тургун келип түшкөн.

Ооруканага 11 жаштагы С.Н. аттуу өспүрүм келип түштү. Анын ийининин сол тарабы жана астыңкы жаагынын сол тарабы жабыркаган. Ошондой эле 21 жаштагы Г.у.Б. аттуу жигит башынан жараат алган, абалы орто оор жана 31 жаштагы И.к.Б. аттуу келин белинен жараат алып, операцияга киргизилген. Анын абалы өтө оор экендиги айтылат.

Чек арадагы окуядан улам Баткендеги бардык саламаттык сактоо уюмдары күчөтүлгөн жеримде иш алып барууда. Орундуктар жана дары-дармектер жетиштүү санда бар.