Кыргыз-тажик чек арасындагы акыркы абал

15-сентябрдын таңына карата кыргыз-тажик чек арасында кырдаал салыштырмалуу тынч. Бул тууралуу Чек ара кызматы тараткан маалыматта айтылат.

14-сентябрда эки өлкөнүн чек ара өкүлдөрү Төрт-Көчө аймагындагы жолугуп, аймакта чек арага чогуу көзөмөл кылууну, коомдук коопсуздук сактоо үчүн биргелешип кайгуул-күзөт иштерин жүргүзүүнү сүйлөшкөн.

Саламаттык сактоо министрлиги кыргыз-тажик чек арасындагы чатактан 11 жаштагы бала жараат алганын маалымдаган. Ал октон жаагынан жана сол ийнинен жараат алган. Абалы орточо оор деп бааланууда.

Министрлик чек арадагы ок атышуудан жараат алган башка эки жай тургундун абалы жөнүндө да саат 21:00гө карата маалымат берди. Ага ылайык, 21 жаштагы жаран октон башынан жараат алган. Абалы орточо оор. 31 жаштагы тургундун ичине ок тийген. Анын абалы өтө оор деп бааланып, операция жасалган.

14-сентябрда кыргыз-тажик чек арасындагы үч жерде ар кайсы убакта ок атылган.