Бекназаров үй камагына чыкты

Бүгүн, 2-ноябрда Бишкектин Биринчи май райондук соту Экстремисттик материалдарды тараткан деп шек саналып кармалган Свердлов районунун акиминин орун басары Руслан Бекназаровду үй камагына чыгарды. Маалыматты аталган соттун басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, Руслан Бекназаровду камакка алуу түрүндөгү бөгөт чарасы 12-декабрга чейин үй камагына өзгөртүлдү.

Эске салсак, 14-сентябрда Бекназаров экстремисттик материалдарды тараткан деп шек саналып, Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Милициянын кабарлашынча, ИИМдин Тергөө кызматы Кылмыш-жаза кодексинин “Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу” беренеси менен козголгон ишти тергеп жатат. Ишке байланыштуу Руслан Бекназаров суракка чакырылган.