3 млн АКШ долларынан ашык сумманы түзгөн метамфетаминдин ири өлчөмүн жүгүртүүгө бөгөт коюлду

ИИМ: 3 млн АКШ долларынан ашык сумманы түзгөн метамфетаминдин ири өлчөмүн жүгүртүүгө бөгөт коюлду
ИИМдин БМЖКККнын кызматкерлери узак убакыт боюу жүргүзгөн ыкчам иш-чараларынын натыйжасында, Россияга аймагына ташуу жана сатуу үчүн Афганистандан Кыргызстанга багыт алган баңгизаттардын оор түрлөрүн ташуу каналын уюштурган улуттар аралык баңгилик топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюшту.


Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында 2022-жылдын 23-июль күнү саат 13.30 чамасында Бишкек шаарынын Фучик көчөсүндө жайгашкан үйдүн жанынан метамфетамин психотроптук затын (кристалл) сатуу аракетин жасоо учурунда Кыргызстандын жараны 1959-жылы туулган Т.А. кармалган.

Ага өздүк кароо жүргүзүү учурунда сүрөтү бар 2 үч полиэтилен баштыгы бар болгон. Анын ичинде дагы 3 полиэтилен баштыгы бар болуп, ичинен ак түстөгү, кристалл сымал, өзгөчө жытка ээ эмес зат табылып алынган. Аталган заттын таңгакталган салмагы 3 кг. 25 гр. түзгөн.


Андан аркы ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүү учурунда баңгилик топтун активдүү мүчөлөрүнүн бири Афганистандын жараны 1970-жылы туулган R.M. кармалган. Ыкчам маалыматтарга ылайык, ал баңгилик топтун башка мүчөлөрү менен бирге Ирандан өндүрүлгөн «ZARLI» кир жуучу порошогу жана Пакистанда өндүрүлгөн «MANGO» табигый ширеси катары өзгөчө ири өлчөмдөгү метамфетамин психотроптук затын аткезчилик жол менен Афганистандан Кыргызстандын аймагына ташып киргизген. Андан соң аталган товарларды Бишкек шаарынын Москва көчөсүндө жайгашкан кампа жайына киргизишкен. Аталган дарекке тинтүү жүргүзүү учурунда «ZARLI» кир жуучу порошогунун кабы табылып алынган. Бул заттын таңгакталган түрдөгү салмагы 7 кг 530 гр. түзгөн.

WhatsApp Image 2022 11 02 at 14.22.39 1 3 млн АКШ долларынан ашык сумманы түзгөн метамфетаминдин ири өлчөмүн жүгүртүүгө бөгөт коюлду


Андан соң, R.M. ижарага алган Лебединовка айылындагы үйгө тинтүү жүргүзүү учурунда, ар бири 2 литр болгон «MANGO» табигый ширесинин 64 бөтөлкөсү салынган 11 коробка табылып алынган. Анын ичинде көрүнүшү боюнча мангонун ширесине окшош, бирок саргылт-ак түстөгү өзгөчө жытка ээ зат болгон.
Соттук-химиялык экспертизанын корутундусуна ылайык, алынган зат “МЕТАМФЕТАМИН” синтетикалык баңгизаты болуп, анын жалпы салмагы 56 кг ашык түзгөн.
Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын аймагындагы синтетикалык баңгизаттарды сатуудан түшкөн болжолдуу киреше 3 036 144 млн долларды түзмөк. Кармалгандар Бишкек шаарынын №1-тергөө абагына киргизилди.
Азыркы учурда аталган кылмышка тиешеси бар башка жактарды аныктоо боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
ИИМдин Басма сөз кызматы

WhatsApp Image 2022 11 02 at 14.22.39 3 млн АКШ долларынан ашык сумманы түзгөн метамфетаминдин ири өлчөмүн жүгүртүүгө бөгөт коюлду
image 7 3 млн АКШ долларынан ашык сумманы түзгөн метамфетаминдин ири өлчөмүн жүгүртүүгө бөгөт коюлду
WhatsApp Image 2022 11 02 at 14.22.38 3 млн АКШ долларынан ашык сумманы түзгөн метамфетаминдин ири өлчөмүн жүгүртүүгө бөгөт коюлду
WhatsApp Image 2022 11 02 at 14.22.38 2 3 млн АКШ долларынан ашык сумманы түзгөн метамфетаминдин ири өлчөмүн жүгүртүүгө бөгөт коюлду