Кыргызстанда эң көп айлык акы 454 миң сомду түздү, – «HeadHunter Кыргызстан»

«HeadHunter Кыргызстан» компаниясы 2022-жылдагы эмгек акылар боюнча отчет даярдады.

Маалыматка караганда, орточо эмгек акы 120 миң сомду түзүп, ал маалымат технологиялары тармагындагы кызматкерлерине таандык деп табылган. Бул тармакта эң көп айлык акы 454 миң сомду түзгөн.

Экинчи орунда эң жогорку маяна — 340 миң сом менен консультант кесиби турат. Топ-менеджмент алдыңкы үчтүктү жаап, алар орто эсеп менен 88 миң сом маяна алышкан, ал эми эң жогорку көрсөткүч 277 миң сомду түзгөн.

Эң аз киреше үй кызматкерлеринин арасында байкалган – айына 81 миң сомдон ашкан эмес. Жумушчулардын эң төмөнкү айлык акысы 1970 сом деп эсептелген