Баткен облусу өлкө башчысы менен министрлер кабинетинин көңүл борборунда турат

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Баткен облусуна болгон иш сапарынын алкагында Тажикстандын куралдуу агрессиясынан улам жабыркаган объекттерди калыбына келтирүү боюнча мамлекеттик комиссиянын кезектеги отурумун өткөрдү.

Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Анын айтымында, Баткен облусу өлкө башчысы менен министрлер кабинетинин көңүл борборунда турат.

«Бардык керектүү чечимдер ыкчам түрдө кабыл алынууда. Бирок алардын өз убагында аткарылышы башка маселе. Кечээ курулуш иштери кандай жүрүп жатканы менен тааныштым. Курулуштун жүрүшү жай. Андай болбойт. Кезектеги отурумда бул маселе боюнча жеке жоопкерчиликти карайбыз. Калыбына келтирүү иштеринен тышкары, Баткен облусун 2021-2035-жылдарга карата Өнүктүрүү программасын жүзөгө ашыруу боюнча иштерди улантуу керек», — деди ал.