Бишкекте таанышы тарабынан зордукталган окуя боюнча милиция үн катты

Өз кезегинде Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдиргендей, О.С. 20-октябрда арыз менен кайрылган. Анын айтымында, ошол күнү эртең менен Баха-Гагарин көчөлөрүнүн кесилишиндеги үйдөн аны таанышы зордуктап салган.

Бул факты ЖИИБге катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталып, анын алкагында арыз ээсине карата экспертизалар дайындалган.

Ошондой эле күбө катары кыз тарабынан кылмышка айыпталган 2003-жылы туулган А.Ш. суракка алынган.

Тергөөгө чейинки текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча процессуалдык чечим кабыл алынат.

Эске салсак буга чейин Бишкек шаарынын тургуну зордуктоого кабылганын анын курбусу социалдык тармакка жазган.

Анын айтымында, милиция кызматкерлери акча үчүн ишти жаап салууга аракет кылышууда, анткени кылмышка шектүүнү эркиндикке коё беришкен. Буга байланыштуу кыз коомчулуктан аталган окуяга көңүл бурууну өтүнгөн.

IMG 20221029 143506 632 Бишкекте таанышы тарабынан зордукталган окуя боюнча милиция үн катты