Кореяда каза болгондор арасында казак жана өзбек жарандары бар

Түштүк Кореяда тыгында каза болгондордун арасында Казакстандын бир жараны бар. Бул тууралуу Казакстандын Тышкы иштер министрлиги билдирип, сөөктү мекенине алып келүү иштери уюштурулуп жатканын маалымдады.

Өзбекстандын Түштүк Кореядагы элчилиги да каза тапкандардын арасында бир өзбек жараны бар экенин маалымдап, маркумдун жакындарына көңүл айтты.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги набыт кеткендердин арасында кыргыз жарандары жоктугун маалымдаган.

Түштүк Кореяда Хэллоуин күнүн белгилөөгө чогулгандар арасында пайда болгон тыгындан 150дөн ашуун адам каза таап, 82 киши жараат алды. Окуя 29-октябрда өлкөнүн борбор калаасы Сеулдун Итхэвон деген жеринде болгон. Көз жумгандардын 19у чет өлкөлүктөр экени аныкталган.