Team Secret командасы Dota 2 оюну боюнча The International мелдешинде экинчи орунду ээледи

Кыргызстандык Бакыт Эмилжанов курамында ойногон Team Secret командасы Dota 2 оюну боюнча The International мелдешинде экинчи орунду ээледи.

Team Secret командасы финалда Tundra командасына жеңилди. Мелдештин жеңүүчүсү 8,3 млн доллар, ал эми экинчи орунду алган команда 2,4 млн доллар алат.

Team Secret командасы Dota 2 оюну боюнча The International мелдешинде экинчи орунду ээледи

Dota 2 боюнча эл аралык мелдеш Сингапурда өтүп, анда 20 команда ат салышкан. Командада бештен оюнчу болгон. Team Secret командасына Кыргызстан менен Европа өлкөлөрүнүн оюнчулары кирген.

Бакыт Эмилжанов Zayac каймана аты менен белгилүү. Ал буга чейин, 2019-жылы The International мелдешине Natus Vincere командасынын катарында катышкан.