Сириядан кыргыз жарандарын алып келүү аракети көрүлүүдө

Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлү Кристин Жольм менен жолугушту. Бул тууралуу Bulak.kg билдирет.

Маалыматта, Сириядан кыргыз жарандарын алып келүү маселеси көтөрүлгөнү айтылат.

“Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы куралдуу кагылыштарда жабыркаган үй-бүлөлөрдү реабилитациялоо, ошондой эле ок атышуу болгон аймактардан балдарды репатриациялоо маселелери талкууланды.

Марат Иманкулов ЮНИСЕФтин Кыргызстанда балдардын укуктарынын сакталышына байланыштуу гуманитардык маселелерди чечүүгө кошкон чоң салымын белгиледи.

 Мындан сырткары, жакынкы мезгилде Түндүк Сириядан балалуу энелерди алып келүү маселесине токтолгон Коопсуздук кеңешинин катчысы Кыргыз Республикасы өз жарандарын репатриациялоо процессин ишке ашыруу менен балдарга баладай мамиле жасоо принциптерин, тагыраак айтканда, алар тууралуу купуялуулукту сактоо, ошондой эле репатриацияланган балдардын энелери менен туруктуу байланышын камсыз кылуу принциптерин карманарын билдирди. 

Марат Иманкулов бул ишке тартылган бардык мамлекеттик органдар кайтып келе турган балдарды тосуп алуу жана аларды коомго аралаштыруу үчүн эң жагымдуу шарттарды түзүүгө камданышкандыгына ишендирди”, -деп айтылат маалыматта.

635b81ca135a6267601893 Сириядан кыргыз жарандарын алып келүү аракети көрүлүүдө
Марат Иманкулов жолугушуу учурунда