Өлкө башчы иш сапары менен Бириккен Араб Эмирлигине барат

Президент Садыр Жапаров 30-октябрдан 1-ноябрга чейин Бириккен Араб Эмирлигинде иш сапары менен болот. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Сапардын алкагында Кыргызстан менен БАЭ ортосундагы кызматташтыктын келечегин талкуулоого багытталган жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөр пландаштырылган.

Өз ара пайдалуу кызматташтыктын бардык чөйрөсүндө өз ара аракеттенүүнү тереңдетүү максатында бир катар документтерге кол коюу мерчемделүүдө.