Депутат: Коопсуздук кеңешинин буга чейин кылган ишин текшериш керек

Бул тууралуу бүгүн, 17-январда парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелер боюнча комитетинин жыйынында депутат Нурбек Сыдыгалиев билдирди.

Анын айтымында, президенттин администрациясы буга чейин алар иштеп чыгып, үч окуудан өткөн мыйзамды кайра артка кайтарган. Ага Коопсуздук кеңешинин каршы чыкканы себеп болгон.

«Бизди атаандаш көрүп жатабы? Менин бир мыйзамым бар эле. Аны президентке кирип, сүйлөшүп, макулдашып чыкканбыз. Үч окуудан өткөрүп, киргизсек, ага вето коюптур. Мен буга түшүнбөй жатам. Корутундусуна Коопсуздук кеңеши каршы чыгып жатат деп жазыптыр.

Коопсуздук кеңешинин буга чейин кылган ишин текшериш керек. Коргоо министрлиги, күч түзүмдөр блогу макул болгон булар каршы болуп жатат. Атайын кылып жатабы, түшүнбөйм», — деди ал.

Андан кийин ал Министрлер кабинетинен келген мыйзамдарга каршы добуш берип, өткөрбөй коюуну сунуштады.