Тартип сакчылыгында 35 жылдан ашык кызматын өтөгөн Бакыт Матмусаевди ардактуу эс алууга узатышты

2023-жылдын 16-январь күнү ИИМдин Атайын багыттагы полкунун ѳздүк курамы ички иштер органдарында 35 жылдан ашуун үзүрлүү эмгектенген, полктун командиринин кызматын аркалаган милициянын полковниги Бакыт Матмусаевди салтанаттуу түрдө ардактуу эс алууга узатышты.


“Бакыт Аманович, Сиз 35 жыл аралыгында катардагы милиционер кызматынан полктун командири кызматтарына чейин жеттиңиз. Коомдук тартипти, жарандардын коопсуздугун камсыздоодо жана кылмыштуулукка каршы күрөшүүдө өз салымыңызды кошуп, көптөгөн жылдар боюу Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарында жооптуу кызматтарда иштеп, жогорку кесипкөйлүгүңүздү жана чечкиндүүлүгүңүздү көрсөтө алдыңыз. Ошону менен катар, мыкты адистик чеберчилигиңиздин натыйжасында татыктуу шакирттерди тарбиялап, өздүк курам арасында бийик кадыр-баркка жана сыйга ээ болдуңуз. Сизге жаш кызматкерлерди тарбиялоого, атайын багыттагы полкунун ишмердүүлүгүн жакшыртууга кошкон салымыңыз үчүн ыраазычылыгыбызды билдиребиз”, – деп өз каалосун полктун командири милициянын полковниги Майрамбек Турсункожоевич билдирди.


“Милициянын иш-аракети эч убакта жеңил болгон эмес. Өлкөбүздүн аймактарында туруктуулукту, тынчтыкты камсыз кылып, келечекте өлкөбүздүн өнүгүшүнө салым кошуу милдети ар бириңердин колуңарда. Урматтуу кесиптештер, сиздер күн сайын коопсуздукту жана укуктук тартипти камсыздаган кызматкерлердин биринчи катарындасыңар. Мамлекетибиздин коомдук тартибин, жарандарыбыздын коопсуздугун камсыздоодо, кылмыштуулукка каршы күрөшүүдө эл-журтубуздун алдында берген антыңарга бекем туруп, ѳз милтеттериңерди так туура жана чоң жоопкерчилик менен аткаргыла”-деди ѳз сѳзүндѳ Бакыт Матмусаев.
Андан соң өздүк курамдын атынан салтка айланган чапан, калпак кийгизишип, баалуу белек тапшырышты. Бул салтанаттуу иш-чара өздүк курамдын саптык жүрүшү менен аяктады.

WhatsApp Image 2023 01 17 at 07.24.09 Тартип сакчылыгында 35 жылдан ашык кызматын өтөгөн Бакыт Матмусаевди ардактуу эс алууга узатышты

ИИМдин Атайын багыттагы полктун Басма сөз кызматы