УТРК футбол боюнча дүйнө чемпионатын көрсөтөт

Катарда өтө турган футбол боюнча дүйнө чемпионатын Улуттук Биринчи канал жана КТРК-Спорт каналдары көрсөтөт. Бул тууралуу КТРК-Спорт каналынын продюсери Шайырбек Арапов билдирди.

Анын айтымында, УТРК футбол биринчилигин Кыргызстанда көрсөтүү укугунун эксклюзивдүү ээси болду.

Эскерте кетсек, футбол боюнча дүйнө чемпионаты 20-ноябрдан 18-декабрга чейин болуп өтөт.