Мечитте уурулук кылган адам кармалды

Чүй облусунун Сокулук районунда мечитте уурулук кылууга шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, Сокулук райондук милициясына Н.Р. аттуу жаран арыз менен кайрылып, 24-октябрь күнү таңкы саат 05:50дө белгисиз адам Ош көчөсүндөгү мечитке кирип, кайрымдуулукка акча чогултуучу кутучаны акчасы менен, видеобайкоо камерасынын мониторун жана кийимдер салынган сумканы уурдап кеткенин билдирген.

News 171065121257764669210312465414874858709 Мечитте уурулук кылган адам кармалды

Аталган фактка байланыштуу Кылмыш кодексинин 205-беренеси (уурулук) боюнча кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-иликтөө иштеринин жүрүшүндө, 25-октябрь күнү кылмыш жасоого шектүү катары 25 жаштагы С.Е. аттуу жаран кармалган. Азыркы тапта ал убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.