Сот учурунда айыпталуучуга бензин чачып, өрттөгөнгө аракет кылышты

Бүгүн, 26-октябрда Бишкектин Биринчи май райондк сотунда катышуучулар сот залына күйүүчү зат (бензин) алып келип айыпкерге чачып өрттөгөнгө аракет кылышты. Бул тууралуу жактоочу Бакыт Жумашев Фейсбуктагы баракчасына жазды.

Аталган соттун басма сөз кызматына байланышканыбызда маалымат такталып жатканын билдиришти.