Депутат: 30 жылда Садыр Жапаровдой эч ким иш алып барган эмес

Кыргызстанда 30 жылда Садыр Жапаровдой эч ким иштеген эмес. Бул тууралуу бүгүн, 26-октябрда парламенттин отурумунда депутат Фархат Исмаилов билдирди.

Жыйында Кемпир-Абаддын Өзбекстанга берилишине каршы чыгып жаткан адамдардын кармалышы боюнча маалымат угуу маселеси көтөрүлүп, ал боюнча депутат Адахан Мадумаров өз сунушун айткан.

Андан кийин сөз сүйлөгөн депутат Фархат Исмаилов Мадумаров пиар жасап жатканын билдирип, 30 жылда Садыр Жапаровдой эч ким иштебегенин айтып чыкты.

«Кимде-ким өлкө башчысына каршы сүйлөй турган болсо, Күндү карап таш менен урганга барабар, ал таш өзүңүзгө тийиши мүмкүн. Биздин өлкө башчыдай эч ким 30 жылда жакшы иштерди алып барган эмес. Күчтүү куралдарды алып келип жатат. Сиз 30 жылда бир кыш алып келген эмессиз», — деди депутат Исмаилов.