Бишкекте бүгүн жылуулук бериле баштайт

26-октябрдан тарта Бишкек шаарында жылуулук бериле баштайт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын ЖЭБине, «Электр станциялары» ачык акционердик коомунун филиалына, «Бишкекжылуулукэнерго» коммуналдык ишканасына, ведомстволук отканалардын жетекчилерине жылуулук жабдууларын, жылуулук тармактарын ишке киргизүүнү жана жылуулукка кошууну камсыз кылуу тапшырылды.

Биринчи:

— ооруканалар, балдар бакчалары, мектептер, төрөт үйлөр жана социалдык коргоо мекемелери;

— объекттин кышкы шарттарда иштөөгө даярдыгынын актысы бар турак жай имараттарына, өнөр жай ишканаларына жана мекемелерине жылуулук берилет.