Көк-Жарда ысык суу жана жылуулук берүү токтотулду

Бишкектин Көк-Жар кичирайонунда ысык суу жана жылуулук берүү убактылуу токтотулду. Бул тууралуу «Бишкек жылуулук борбору» ишканасынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, өчүрүү пландан сырткары оңдоо иштерине байланыштуу. Оңдоо иштери 8:30да башталып, саат 17:00гө чейин уланат.

«№1, 2, 3, 4, 5, 6, 7, 8, 9, 9а, 10, 11, 18 жана №148 менен №9 бала бакчада дагы ысык суу менен жылуулук берүү убактылуу токтотулат», — деп айтылат билдирүүдө.