Бишкекте баңгизаттарды өндүрүү жана сатуу боюнча лабораториянын ишине бөгөт коюлду

Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди

    Маалыматта, УКМК баңгизаттын мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын натыйжасында синтетикалык баңгизаттардын, анын ичинде жаштар арасында жайылуу тенденциясын эске алуу менен, Бишкек шаарынын аймагында синтетикалык баңгизаттарды даярдоо жана сатуу боюнча лабораториянын ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлганы айтылат. 
    "Козголгон кылмыш ишинин алкагында, 2023-жылдын 4-февралында аталган баңги топтун мүчөлөрү, чет элдик жарандар кармалышты, аларды тинтүү учурунда марихуана баңги заты, «Мефедрон» синтетикалык баңги затын жасоо үчүн прекурсорлор жана ошондой эле тийиштүү приборлор жана аларды даярдоо боюнча нускамалар табылып алынган.
    Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө, «В.М.В. аттуу чет элдик жаран күнөөсүн мойнуна алып, баңгизат боюнча лабораторияны түзүү аракетин тастыктады, андан соң ал КР УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
    Учурда КР УКМК тарабынан аталган баңги каналынын башка катышуучуларын аныктоо боюнча тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары уланууда", - деп айтылат билдирүүдө.

Кыргыз Республикасынын УКМКга келип түшкөн маалыматтарга ылайык, учурда республиканын аймагында синтетикалык баңги заттарды колдонуунун жана жайылтуунун өсүү тенденциясы байкалууда, өзгөчө жаштар арасында улуттук коопсуздукка жана өсүп келе жаткан муундун ден соолугуна реалдуу коркунучтарды жаратарын эскертет.
Ушуга байланыштуу, КР УКМК төмөндөгүдөй маалыматтар болсо   0312660475 номуруна чалып билдирүүгө чакырат.
04c21dd6 b3c1 4e0f a213 994cdd5eb20d Бишкекте баңгизаттарды өндүрүү жана сатуу боюнча лабораториянын ишине бөгөт коюлду
WhatsApp Image 2023 02 07 at 09.23.37 Бишкекте баңгизаттарды өндүрүү жана сатуу боюнча лабораториянын ишине бөгөт коюлду
WhatsApp Image 2023 02 07 at 09.23.38 Бишкекте баңгизаттарды өндүрүү жана сатуу боюнча лабораториянын ишине бөгөт коюлду
WhatsApp Image 2023 02 07 at 09.23.38 1 Бишкекте баңгизаттарды өндүрүү жана сатуу боюнча лабораториянын ишине бөгөт коюлду
WhatsApp Image 2023 02 07 at 09.23.37 1 Бишкекте баңгизаттарды өндүрүү жана сатуу боюнча лабораториянын ишине бөгөт коюлду