Сот жапырт кармалгандардын бөгөт чарасын түнү менен кароо себебин түшүндүрдү

Бишкектин Биринчи май райондук соту “жапырт башаламандык уюштурууга аракет кылган” деген негизде 23-октябрда кармалгандардын бөгөт чарасы иш убактысы бүткөнүнө карабай, түнү менен каралган себебин түшүндүрдү. Ишти кароо 24-октябрдан 25ине караган түнү, таңкы саат бешке чейин уланып, дээрлик бардыгын эки айга камоо тууралуу чечим чыгарган.

Райондук сот мындай чечимди сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө адам укуктарынын жана эркиндигинин сакталышын көзөмөлдөгөн тергөө судьясы кабыл алганын белгилейт.

Сот тараткан маалыматка караганда, судьялар Жазык-процессуалдык кодексинин 96, 97 жана 106-беренесинде көрсөтүлгөн тартипте ишти караган.

“Эгер материал түнү келип түшсө, тергөө соту көрсөтүлгөн убакытта, кийинки күнгө калтырбай кароого милдеттүү”, – деп жазылган маалыматта. Ошондой эле кармалгандардын бөгөт чарасы мыйзамда көрсөтүлгөн тартипте каралганы, шектүүлөрдүн бардыгына бирдей мүмкүнчүлүк берилгени айтылат.

Эскерте кетсек, 23-октябрда массалык камакка алуулар башталган. 21 адам Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун райондорунун ички иштер башкы башкармалыгынын УККсына киргизилди. Жогорку Кеңештин экс-депутаты Канат Исаев дагы борбор калаанын СИЗО-1 абагына бир айга камакка алынды. Алардын үйлөрүндө тинтүү жүргүзүлүп, андан соң активисттер менен саясатчыларды камакка алуу боюнча токтомдор чыгарылган.

Кеңешбек Дүйшөбаев, Эрлан Бекчороев, Айданбек Акматов, Асия Сасыкбаева, Рита Карасартова, Атай Бейшенбек, Клара Сооронкулова, Азимбек Бекназаров, Айбек Бузурманкулов, Жеңиш Молдокматов, Бектур Асанов, Нурлан Асанбаев, Гүлнара Журабаева, Равшан Жээнбеков, Таалай Мадеминов, Улугбек Маматаев, Перизат Суранова, Чыңгыз Капар, Али Шабдан уулу, Талант Эшалиев, Кубанычбек Кадыров 48 саатка камакка алынышкан.

24-октябрдан 25-октябрга карган түнү Бишкектин Биринчи Май райондук соту массалык баш аламандыктарды уюштурган жана бийликти басып алууга аракет кылган деп шектелген саясатчылар менен активисттерге карата баш коргоо чарасын карады.

Белгилей кетсек, Кемпир-Абад суу сактагычын колдоо комитети 22-октябрда түзүлүп, анын курамына активисттер, саясатчылар жана депутаттар кирген. Ошол эле күнү президент Садыр Жапаров “Кабар” агенттигине берген маегинде, Кемпир-Абаддагы митингдердин, жөө жүрүштөрдүн артында кимдер турганы боюнча бийликте маалымат бар экенин билдирген.