Активист Атай Бейшенбек 2 айга камакка алынды

Башаламандык уюштурууга шектелип кармалган жарандык активист Атай Бейшенбек 2 айга камакка алынды. Мындай чечимди бүгүн, 25-октябрда Бишкектин Биринчи май райондук соту чыгарды.

Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 36 — 278 — беренесинин 1-бөлүгү менен айыпталып жаткан Атай Бейшенбекке карата бөгөт коюу чарасы катары камакка алуу түрү тергөө мөөнөтүнө, башкача айтканда 2022-жылдын 20-декабрь күнүнө чейин тандалды жана ал Юстиция министрлигине караштуу ЖАКнин №21-мекемесине камакка алынды.

Эске салсак, 23-октябрда Бишкекте жыйырмадан ашуун оппозициялык саясатчы менен активисттердин үй-жайында тинтүү жүргүзүлүп, милицияга чакырылган жана 48 саатка камалышкан.

25-октябрга караган түнү соттун чечими менен саясат талдоочу Айданбек Акматов, жарандык активист Али Шабдан, «Бүткүл жаштар» партиясынын лидери Чыңгыз Капаров, 20-декабрга чейин камалды. Ал эми саясатчы Азимбек Бекназаров 23-декабрга чейин камакта болот.