“Адамдын оюн камаганды кыргыз жакшы көрбөйт”, – Самыйкожо

Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Самыйкожо Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча активист, саясатчылардын камалышы боюнча Фейсбуктан видео аркылуу кайрылды.

Ал бийликтен тез аранын ичинде бошотулушун айтып, туура эмес жагдай түзүлүп калганын эскертти.

«Эч качан өз оюбузду, өз укугубузду, өз эркиндигибизди, сөз эркиндигибизди каматпайлы!«-деди.